«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жеткире иштелип чыккан долбооруна кыскача талдоо

Талдоо даярдалган дата: 10.01.2022-жыл 

2021-жылдын 16-июнунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери төмөндөгү КР Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп саналат: Г.Асылбаева, Б.Турусбеков, Б.Төрөбаев. У.Примов, Г.Молдобекова, О.Бакиров, Т.Икрамов, С.Нышанов, К.Рыспаев, А.Артыков, Б.Райымкулов, М.Маматалиев, М.Абдалиев. И.Эгембердиев, Ч.Урумкалиева, Б.Нурдинов, Н.Арзыбаев, У.Исмаилов, А.Султанов, Д.Жумабеков, Ш.Абдылдаев, Н.Сыдыгалиев, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, А.Токтомамбетов, М.Бакиров, Э.Тагаев, Э.Байбакпаев, Б.Субанбеков, А.Бешимбаева, П.Тулендыбаев, А.Бердиев, З.Шарапов, С.Исманов, О.Жээнбаев, У.Кыдыралиев, А.Дүйшалиев, К.Баймуратов, С.Ибраев, М.Айнакулов, Ш.Атазов. Б.Аманова.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2021-жылдын                           11-апрелинде референдум менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышынын тартибин жана жол-жоболорун андан ары өркүндөтүү максатында иштеп чыккан.

«Тандем» юристтер коомдоштугу «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте бул мыйзам долбооруна талдоо жүргүздү жана олуттуу санда кемчиликтерди, анын ичинде ички карама-каршылыктарды, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына карама-каршылыктарды аныктады. Ошондой эле мыйзам долбоорунда бир топ техникалык каталар болгон. Мыйзам долбоорунда кабыл алган учурда парламенттин ишинин натыйжалуулугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон кемчиликтер жана тобокелдиктер бар.

Жеткире иштелип чыккан мыйзам долбоорунда бир катар, анын ичинде редакциялык мүнөздөгү толуктоолор жана өзгөртүүлөр, бир катар техникалык каталарды оңдоолор бар. 



Добавить комментарий