Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин Кыскача Талдоосу

Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди (бул Кодекс 2021-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жаңы редакцияда кабыл алынды. 2021-жылдын 18-январында бул Кодекске Кыргыз Республикасынын Президенти кол койду жана 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күчүнө кирди) – мындан ары – «жаңы Кодекс».
Жаңы Кодекске негиздеме-маалымкатка ылайык анын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– салык мыйзамын заманбап экономикалык шарттарга көнүктүрүү;
– салык жол-жоболорун санариптештирүүнү андан ары өркүндөтүү;
– ишкердик жүргүзүүнүн бирдей шарттарын түзүү;
– экономиканын көмүскө түзүүчүсүн жоюу.
КР Салык кодекси кеңири чөйрөдөгү жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон маанилүү ченемдик укуктук акт болуп саналгандыгын эске алып, «Тандем» юристтердин коомдоштугу ушул Кодекске талдоо жүргүздү, аны менен ушул документте таанышып чыксаңыздар болот.
Талдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1-глава. Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги негизги өзгөртүүлөр.
2-глава. Салык ставкаларындагы өзгөртүүлөр.
3-глава. Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги тобокелдиктер жана коркунучтар.



Добавить комментарий