Кыскача саясий жана укуктук талдоо: «Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын бийлик органдарынын мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө»

2022-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны болуп, анда Өкмөттүн жумушчу тобунун ишинин жыйынтыгы угулду. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына келишимдин долбоору сунушталды.
Жумушчу топтун жетекчиси К.Ташиев кол коюлган протоколдордун жыйынтыгы менен Өзбекстан Республикасы 4485 гектар, Кыргыз Республикасы 19 699 гектар жер ала алаарын билдирди.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын белгилөө жөнүндө эл аралык келишимди ратификациялоону чечүүдөн мурун эмнени билишиңиз керек?
Сунуш 1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын белгилөө жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин 2022-жылдын 10-октябрындагы чечими жокко чыгарылсын жана күчүн жоготту деп табылсын.

Сунуш 2. Макулдашуунун долбооруна депутаттар – Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин мүчөлөрү тарабынан кайрадан добуш берүү зарыл.
Ал үчүн Макулдашуунун долбоорун кароо боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин кайрадан отурумун өткөрүү зарыл.

Сунуш 3. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын белгилөө жөнүндө эл аралык келишимди ратификациялоонун мындан аркы тагдыры боюнча сапаттуу чечимдерди кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин алдында жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрө алышат.
Өкмөттүн жумушчу тобунун протоколдорун, макулдашууларын, ишинин жыйынтыктарын изилдөө талап кылынат. ЖКнын депутаттары мыйзам боюнча мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарга ээ болушат («Мамлекеттик сырды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-пунктчасынын 1-пунктчасына ылайык).

Сунуш 4. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын белгилөө маселеси боюнча бийлик тарабынан кандай иштер аткарылышы керек?
Жогорку Кеңеш сунушталган Макулдашуунун долбоорун четке кагып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын белгилөө шарттарын карап чыгуу үчүн Өкмөттүн жумушчу тобуна кайтара алат. Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагын толугу менен Өзбекстан Республикасынын менчигине өткөрүү шартын четке кагуу маанилүү.



Добавить комментарий